Ош шаарында жөө жүргүнчүлөр үчүн асма көпүрөлөр жана жер астынан өтмөктөр ачылат. Ал 2020-жылдарга чейин ишке ашышы күтүлүүдө.   Бул тууралуу калаа башчы Таалайбек Сарыбашов Ош шаарын 2018-2020-жылдарга чейин кыска убакытта өнүктүрүү планын коомдук талкууга алып чыккан учурда билдирди.

«Асма көпүрөлөр менен жер астынан өткөн өтмөктөрдү куруу автотыгындарын азайтат. Азыркы жол тыгындарын эске алуу менен жөө жүргүнчүлөргө арналган өтмөктөрдү көбөйтүүнү пландап жатабыз. Албетте кажры булагы кошо изделүүдө»,- деди Таалайбек Сарыбашов.

Стратегиялык пландын долбоорунда жазылгандай, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр А.Масалиев-А.Навои, А.Масалиев-Ы.Монуев, А.Масалиев-Абдыкадыров, Курманжан-Датка-Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилиштерине жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрү курулат.

Ош шаарында расмий 100 миңден ашык автоунаа катталган. Андан тышкары  күнүнө сырттан 150 миңден ашык транспорт кирип чыгат

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз