Ош шаарында бүгүн, 20-февралда Уран Алиевдин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш башталды. Командалар спорттун кичи футбол жана волейбол  түрү боюнча күч сынашат. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын башталышында маркумду эскерип, элесине куран түшүрүрүлдү. Мелдешке Ош ОИИБнын өздүк курамдарынын Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай  райондук бөлүмдөрүнөн командалар жана ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы 3-батальонунун командасы  катышууда.

Эске салсак, Уран Алиев 2005-жылы уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү учурунда курман болгон.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз