Ош шаарындагы “Туран” кичирайонунда 30-апрелде өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен төрт үй жараксыз абалга кептелген. 

ӨКМнын маалыматына караганда, жалын жалпысынан 433 чарчы метр жерге жеткен. 

Азырынча өрттүн эмне себептен келип чыкканы так аныктала элек. Ал эми кырсыктан жабыркагандардын баш калканчы турмак, кийим-кече сыяктуу күнүмдүк керектөөлөрү да жок калган. 

Жабырлануучулардын бири Тахир Шарабидиновдун айтымында, төрт үй бири бирине жакын жайгашкандыктан, өрт кайсы жактан башталганын айтуу кыйын. Үй менен кошо бардык документтер жана акчалары да күлгө айлангандыктан, ал азыр кандай жардам болбосун баш тартпайт. Ош шаарынын мэри жабырлануучуларга 30 миң сомдон берип, башка каражат жоктугун билдирген. Ошондуктан, учурда кошунасыныкында жашап жаткан Шарабидинов жардамга муктаж болуп турат. 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз