Ош шаарында бүгүн, 5-декабрь күнү эртең менен турак үйдөн өрт чыгып, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кызыл-Аскер көчөсүндөгү үйдө өрт чыгып, эки бир тууган каза тапты. Алардын бири  1961-жылы, экинчиси 1971-жылы туулган эки эркек адам – ага-инилер түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз