Ош шаарында мектеп окуучуларына жол кире 1 сомдон 5 сомго жогорулады. Жол кирени көтөрүү сунушу буга чейин бир канча жолу сунушталып, бүгүнкү сессияда депутаттар тарабынан колдоо тапты.

Жол акысын 5 сомго көтөрүүгө сессияга катышкан 34 депутаттын ичинен 23 эл өкүлү макулдук берди.

Ал эми шаардык мэрияга караган троллейбус жана автобустарда жол акы 1 сом боюнча калат.

Бирок, 2020-жылдын 1-январынан тартып аларда жүрүү окуучулар үчүн 3 сомго көтөрүлөт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз