Ош шаарындагы Навои көчөсүндө эстакадалык көпүрөдөн жүргүнчү ташыган маршруттук такси  кулап кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү Таалайгүл Талгарбек кызы newtv.kg сайтына  билдирди.

Күбөнүн айтымында кичи автобус жол четиндеги Honda  үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп, андан соң көпүрөдөн кулап кеткен. Анын кесепетинен төрт киши ар кандай жаракаттарды алып,бир киши облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Учурда кырсыктын кандай болгондугу тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.