Ош шаарында 12 кабаттуу үйдөн чыккан өрттө балкондон боюн таштаган кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген болчу. Дарыгерлер анын комада экенин айтышкан. 

Ош ИИБинин маалыматына караганда, кыз каза тапты. Анын өздүгү такталып, жакындары табылган. Маркум Чоң-Алай районунун 28 жаштагы тургуну болуп чыкты. 

Эске салсак, 24-апрелде Оштогу көп кабаттуу үйдүн эки батири өрттөнүп кеткен. Кырсыктан жалпысынан алты адам жабыркаган. 

Булак: NewTV

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз