Үстүбүздөгү жылы Ош шаарында эки тигүүчү ишкана курулат. Ал өз кезегинде республикадагы ички миграцияны кыскартып, жаңы жумушчу орундарды түзүүнү шартттайт. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Комитеттен кабарлашкандай, өлкөнүн түштүгүндө «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧК өндүрүш объекттеринин курулушу жүрүп жатат, аны үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында ишке киргизүү пландалууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз