Ош облусунун Араван айылында “АВЕП” (Айыл жергесиндеги жаштарды жумуш менен камсыз кылуу) коомдук фонду “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун негизинде, “Аль Бухари” медресесине кесип үйрөнүүгө шарт түзгөн жаңы жабдууларды тапшырды. Бул туурасында муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн 24-майда болуп өттү. Ага Кыргызстан дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы  катышты.

  Аталган коомдук фонд бул долбоорду Кыргызстандын бардык облустарында улантууда. Учурда аймактарда 28 медресе ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим берип, уядан даяр адистерди учуруп жатат.

Белгилей кетсек, 20-май күнү мындай иш-чара түндүк аймактагы облустардын медреселери үчүн Бишкек шаарында да өткөрүлгөн.

Ошто "АВЕП" коомдук фонду тарабынан медресеге жаңы жабдуулар тапшырылды (сүрөт) 

Ошто "АВЕП" коомдук фонду тарабынан медресеге жаңы жабдуулар тапшырылды (сүрөт)

Ошто "АВЕП" коомдук фонду тарабынан медресеге жаңы жабдуулар тапшырылды (сүрөт)Ошто "АВЕП" коомдук фонду тарабынан медресеге жаңы жабдуулар тапшырылды (сүрөт)

 

 

 

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.