Ош шаарында 13 жаштагы өспүрүм бала көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 15-январда саат 19:25 чамасында окуучу бала жипке асынып алганы тууралуу кабар келип түшкөн. Бирок өспүрүмдүн ата-энеси өзүнө өзү кол салган деген маалыматты четке каккан.

Бүгүн, 16-январда каза болгон бала жерге берилди. Учурда милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.