Ош облусунда 26-март саат 20:00дөн 27-март саат 07:00гө чейинки коменданттык саат убагында эрежелерди бузган 44 адам кармалды.

Аталган аймактын коменданты Малик Нурдиновдун билдирүүсүнө ылайык, талапка баш ийбегендердин 22си Ош шаарында, 20 адам Кара-Суу районунда жана 2 адам Ноокат районунда катталган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.