Ош облустук төрөт үйүндө 26 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаеванын айтымында,  келин көз жаргандан кийин акыбалы оорлоп көз жумган.

– Келин бизге келгенде эле каканак суусу жарылып, агып кеткен экен, – деди ал. – Кан басымы да аябай жогорулап кетиптир. Мен ал келиндин абалы тууралуу угарым менен он мүнөттүн ичинде иш ордума келгем. Биз колдон келгенин кылып, аны төрөтүп алдык. Бирок төрөттөн кийин абалы оорлоп, операцияга алып киргенбиз. Бирок анын жатыны аркылуу кан тамырларына инфекция тарап кеткендиктен, сактап кала албадык.

Башкы дарыгердин айтымында келиндин өлүмүнө кошумча баа берилет, учурда бул окуя боюнча атайын медициналык комиссия иликтеп жатат.

Маркум келиндин туугандары “дарыгерлерге дообуз жок” деп тилкат жазып беришкен.

Мурдараак жергиликтүү блогер Адыл Акжол уулу бул маалыматты соцтармактарга таратып, келиндин туугандары «анын өлүмү дарыгерлердин шалаакылыгынан болду» деп айтып жатышканын билдирген.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз