Бүгүн 5-ноябрда ОшМУнун ректору болуп Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич шайланды.

Аталган кызматка 4 талапкер ат салышкан. Шайлоого  окуу жайдын окутуучу-профессордук жамааты гана катышкан.

Кожобеков Кудайберди , 1975-жылы туулган. Учурда ОшМУнун ректорунун милдетин аткарып жатат. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.

Эскерте кетсек ЖОЖдор арасында «флагман» аталган ОшМУнун мурдагы ректору Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Картинки по запросу Кожобеков Кудайберди

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.