Өлкө аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди. Жер титирөө кечээ, 17-ноябрда саат 17:17де катталган.

Ал Жалал-Абад жана Ош облустарынын, Соку-Таш, Беш-Бадам, Ак-Тоок, Фрунзе, Октябрь айылдарында 5 балл, ал эми Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Бостон, Благовещенко, Багыш, Михайловка, Кара-Чолок, Сары-Булак, Карамарт, Көк-Жаңгак айылдарында 4,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле Жалал-Абад шаары, Масы, Сузак, Гелеген, Таран-Базар, Кара-Алма, Саты, Жоон-Күнгөй айылдарында 4 балл, Майлуу-Суу, Өзгөн, Шамалды-Сай, Кара-Суу айылдарында 3 баллга чейин жеткени айтылды.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.