Ош облусунун төрөт үйү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 2-декабрга чейин жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кош бойлуулар Ош шаардык клиникалык ооруканасында,Өзгөндөгү, Ноокаттагы, Кара-Суудагы, Наримандагы жана Аравандагы аймактык ооруканаларда кабыл алынат. Ал үчүн атайын дарыгерлер тобу иштей тургандыгы кабарланды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.