Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чатагынан улам тажик тараптын күч кызматкерлери Ош-Исфана стратегиялык унаа жолун жапкандыгын жергиликтүү тургандар билдирди.

Маалыматка ылайык, тажик чек арачылары жарым саат мурда жолду  таш тизип, тосушуп, каттамдагы унааларды да өткөрбөй жатышат.

Эске сала кетсек, 22-июль күнү саат кечки 17:20 чамасында Ворух анклавынын кире беришинде Тажикстандын желегин орнотуу учурунда чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын эли желектин орнотулушуна каршы болушкан.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз