Ош базарын 3-ирет өрт жалмады. Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын аймакта жайгашкан “Берекет” майда дүң базары өрттөнүп жаткандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бүгүн эртең мененки таңкы саат төрттөр чамсында кабар түшкөн. Тилсиз жоонун айынан көз ачып жумганча 2 миң чарчы метрдеги товарлар күлгө айланды. Ыза болгон соодагерлер өрттүн карасантайлар тарабынын атайлап жасалганын айтышууда

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз