Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы Ак Мөөр жатаканасынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышты.  Бул туурасында биздин порталга жашоочулар билдирди.

Алардын айтымында  аталган жатакана аукцион аркылуу жеке адамдарга сатылып кеткен. Соттордун адилетсиз чечимине нааразы болуп, жогорку бийликтин көңүл бөлүп чечип берүүсүн талап кылышууда.

10 жылдан ашык жылдан бери чыры бүтпөгөн Ак Мөөр санаториялык-профилакториясында 83 үй-бүлө жашайт. Жатакананын мыйзамдуу ээси Убайдилла Бидинов жашоочулардан имараттан чыгып кетүү керектигин айткан. Ал эми тургундар бара турган жерибиз жок, балдарыбыз менен көчөдө калабыз деп ыйлашат.

Аталган маселе боюнча Ош шаардык мээриясына байланышып, соттун чечимине биз кийлигише албайбыз ага мыйзам да жол бербейт деген жооп алдык.

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз