Орусия лидери Путиндин бул ирет кыргыз жергесине күтүлүп жаткан сапары эки тараптуу маанилүү экендиги талашсыз. Себеби, Путиндин президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик тактыга отургандан кийинки алгачкы мамлекеттик сапары. Эки лидердин эки тараптуу  жаңы келишимдерди кабыл алуусу күтүлөт.

Эки өлкөнүн тең  ТИМ өкүлчүлүктөрү жолугушуу жогорку деңгээлде өтөрүн алдын ала айтышууда. Орусиянын Тышкы иштер министри Лавровдун ала тоо жергесине келиши, андан көп өтпөй эле эки өлкөнүн лидерлеринин Сочиде күтүүсүз жолугушуулары муну ырастап турат.

Учурда Путиндин келишине байланыштуу Орусиянын Кыргызстанга экинчи аскер базасынын ачылуусу тууралуу коомчулукта арбын сөз болууда. Бул өңүттөгү пикирлер мурдатан эле айтылып келет. Ал эми эки өлкөнүн расмий адамдары тең мындай маалыматты тактаган жок. Орусиянын Тышкы иштер министри Лавров Бишкекте болгон сапар учурунда бул маселе кыргыз тарап менен болгон жолугушууларда талкууланбаганын айткан менен “Бишкектен расмий түрдө кандайдыр бир сунуш ала элекпиз”- деп, кептин нугун кыргыз тарапка ыргытты.

Бирок, андан мурда студенттер менен болгон жолугушууда “эгерде Бишкек бул темада демилге көтөрсө, алардын идеяларын талкуулаганга даярбыз”, – деген болчу.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков аскердик база боюнча эч нерсе ачыктаган жок. Орусиядагы Кыргызстандын элчиси А. Жекшенкулов расмий Бишкек Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууну четке какпай турганын жана бул маселе Владимир Путиндин марттагы сапарында талкууланышы мүмкүн экенин билдирген. Элчинин оозу менен айтылган мындай пикирдин артында кандайдыр кызыкчылыктар  бар экендиги байкалбай койбойт. Лавровдун жогоруда айтканы менен элчи мырзанын сөзүнүн төркүнү бир жерден чыгып жатканы бекер эмес сыяктуудай?

Ошону менене катар эле мындай сунуш Кыргызстан тарабынан чыгарылганы, демилгеленгени эки, үч жыл мурда эле орусиянын айрым расмий адамдары тарабынан айтылган. Баткен окуясынан улам бир топ жыл мурда Кыргызстанга сырткы террордук күчтөр тарабынан коркунучтар жаралганда мындай демилге кыргыз бийлиги тараптан айтылганы белгилүү. Кийинчерээк азыркы экс- президент  А. Атамбаев Орусияга жагынуу катары мындай демилгени сунуштаган деген кептер да айтылган.

Өткөн жылдын аягында президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында «Кыргызстанда Орусиянын бир эле аскердик базасы жетиштүү»- деген, пикирин айтып, бул темага чекит койгондой да болгон. Президенттин мындай пикирине кошулууга болот. Себеби, учурда Кыргызстанга сырткы террористтик күчтөр тарабынан коркунучтар байкалбагандыгы жана экинчи аскер базанын зарылчылыгы жок экендиги менен түшүндүрсөк болот.

Жыйынтыгында баардык маселе президент Сооронбай Жээнбековго келип такалгандай?

Азырынча кеп болуп жаткан аскердик база ЖККУнун алкагында ачылабы же Орусиянын жеке өзүнө тийешелүүбү? Анын аки-чүкүсү белгисиз?..

Ошентсе да бул ирет эки лидердин жолугушуусунда бул маселе али чийки экендиги, кандайдыр бир бул максатта чечим кабыл алынуусуна азырынча эртелик кылары байкалууда. Ошону менен катар эле кандайдыр бир оозеки макулдашуулар болушу мүмкүндүгүн четке кагууга да болбойт. Эмнеси болсо учурунда көрөрбүз.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.