Кечээ, 16-сентябрда Орусиянын Рязань облусунда Кыргызстандан бараткан автобус аварияга кабылганын аймактагы милицияга таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Кырсык таңга жуук М-5 жолунда болгон. Андан бир адам каза болуп, беш адам жаракат алган. Жабыркагандар ооруканага жаткырылды.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, айдоочу рулду башкара албай калган. Транспорт жол четиндеги устунду сүзгөн.

Кырсыктын себептери, каза болгон жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.