Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Россиянын Новосибирск шаарында өтүүчү эл аралык “Мемориал Нестеренко” юбилейлик мелдешине катышат. Бул тууралуу улуттук команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев билдирди.

Грек-рим күрөшү боюнча Александр Нестеренконун ысымындагы мелдеш 11-12-сентябрда өтөт. Ага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субъектисинин балбандары катышып, күч сынашат.

“Бул мелдешке Токио Олимпиадасында күрөшкөн балбандарыбыз Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков жана Атабек Азисбеков барбайт. Жалпысынан 30дан ашык кыргызстандык атлет катышат. Анын жыйынтыгы менен октябрда өтүүчү Дүйнө чемпионатына баруучу Кыргызстандын командасы куралат”, — деген башкы машыктыруучу.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилиги 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.