Орусияда 35 жаштагы аял төрөп, баласын баштыкка ороп таштап салган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазууда.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында ымыркай үшүп каза болгондугу аныкталган. Аял бул кылмышын материалдык оор абалы жана жеке жашоосундагы көйгөйлөр менен байланыштырган.

Топтолгон материалдар сотко өткөрүлүп берилген, эгерде күнөөсү аныкталса, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги жазылат маалыматта.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.