Орусия Жеңиш парадына катышпоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин “РИА Новости” жазды.

“Биз чындыгында Кыргызстандын президентине жана делегациясына Москвага парадга катышууга келгени үчүн ыраазыбыз. Тилекке каршы тестирлөөдө делегациядагы адамдардан инфекция аныкталды. Кыргызстандын президенти биринчи кезекте парадга катыша турган ардагерлердин, ошондой эле башка өлкө башчылардын коопсуздугун ойлоп, парадга катышпоо чечимин кабыл алды. Биз мындай чечими үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдиребиз”, – деген Песков.

Эске салсак, 23-июнда Москвада Жеңиштин 75 жылдыгына карата парад болуп өттү. Ага катышуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков барып, катышпай келген. Себеби өлкө башчыны коштоп барган делегациянын 2 мүчөсүнөн таажылуу вирус илдети табылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.