Россия Федерациясы Кыргызстанда саясий кырдаал турукташып, мамлекеттик бийлик органдарынын иши калыбына келтирилгенге чейин каржылык колдоо көрсөтүүнү токтото турууну чечти. Бул тууралуу Орусиянын Финансы министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, чечим Кыргызстандагы учурдагы кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды. Эске салсак, 2019-жылы Орусия Кыргызстанга 30 миллион доллар берген. Бул акыркы жардам топтомдорунун бири болгон.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.