Эмики жуманын башында дагы эки облустун башчылары алмашканы туру.
Таластын ” тарсылдаган” башчысы М. Мураталиев Ошко ооп барып, облус башчылыгына олтурат экен.
Мындайды орусча ротация, кыргызча орун которуштуруу дейт эмеспи.
Ал эми Оштун азыркы башчысы Узарбек Жылкыбаев алдыдагы парламенттик шайлоого аттанаарын айтып, арызын жазып атыптыр.
Узун кулактардан укканыбызга караганда “Республика” партиясы менен шайлоого барууга шай экен.
Эки жыл мурун өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков аймактардын жетекчилерин ротация жолу менен дайындоолорду баштоо керек, анткени мындай ыкма эскиден эффективдүү болуп келгендигин жакшы эле ниет менен айткан болчу.
Президенттин айтканын ошол кездеги премьер-министр М. Абылгазиев дароо аткарып Оштук жигит А. Осмоналиевди Ысык-Көлгө, Көлдүк жигит дешип У. Жылкыбаевди Ошко алпарып отургузган болчу.
Бирок бул жолку орун которуштуруулар оңунан чыкпады.
Осмоналиев да Жылкыбаев да натыйжалуу иштей алышкан жок.
Элдин эсинде калатурган, көзгө көрүнөрлүк бир иш жасашпады.
Эки жылды эптеп өткөрүштү.
Андыктан мындай чоң дайындоолорду жердигинен мурун сапатына, билим деңгээлине, ийгилик тарыхына карап жасоо зарыл.
Деги эле акыркы убактарда Аким, губернаторлорду дайындоодо алардын билимине, жөндөмүнө, тажрыйбасына карабай эле “ишенимдүүлүгүнө” маани берилип жаткандыгы өкүнүчтүү.
Ошондуктан эки жыл катары менен элетти көтөрүү жылы деп жарыялангандыгына карабай эч кандай натыйжа болбой жатат.
Анткени аймактардын жетекчилеринин көпчүлүгүнүн дарамети жок.
Билими, тажрыйбасы акыл көрөңгөлөрү жетишпей жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.