Жалал-Абад облусу боюнча Орозо айт майрамын өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

“Облус боюнча айттык өткөрүүгө, мал союп куран окуутууга жана элдин топтолушуна тыюу салынды. Бул боюнча жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөрүнө маалыматтар жана тапшырмалар берилди. Мындай чечимдер калктын саламаттыгынын коопсуздугу үчүн кабыл алынып жатат”, – дейт Мирзахмедов.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.