УКМК кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 3 миң АКШ доллар өлчөмдө акча каражатын алып жаткан учурунда КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны А.Ю. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал маалыматка караганда, кармалган адам уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган.

Бул окуя боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинде “Опузалап пара талап кылуу” каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан А.Ю. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынды. Азыркы убакта ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.