Учурда парламенттик шайлоого карата үгүт иштери кызуу жүрүүдө.
Шайлоого аттанган партиялар эл аралашып, шайлоочулар менен байма бай жолугушууларды өткөрүп жүрүшөт.
Жолугушууларда бийликчил партиялар анча мынча өкмөттүн дарегине сын пикир айтымыш болушууда.
Көбүн эсе эмикиде кыйратабыз, азыр бираз окшошпой калды деп айтышууда.
Бир чети күлкүлүү.
Анткени өздөрү түзгөн бечел өкмөттү кантип катуу сындашып, спектакль коюушмак эле.
Ал эми оппозициялык маанайдагы партиялар азыркы бийликти ар тараптан ур соккуга алышууда.
Аша чаап кеткендери да бар, жеткиликтүү сындагандары да бар.
Маселен коррупция менен күрөшүүдөгү, уюушкан кылмыштуу топтордун баш көтөрүшүн, экономикалык абалдын оорлошуп бараткандыгын баардыгы бир ооздон айтышууда.
Мындай сындардан улам кечээ эки соттун пара алып жаткан жеринен кармалышын, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кармалышын жана Камчы Көлбаевдин уюушкан кылмыштуу тобунун алты мүчөсүнүн кармалышын ошол айтылган сындардын негизинде бийлик ишин көрсөткөндөй туйулууда.
Ошондой эле Кубатбек Боронов да жарым ай мурун ашыгып пенсияны көтөрөбүз деп айтып чыкты.
Адатта мындай учурлар пенсияны көтөрөөрдөн бир жумага жакын калганда жарыяланчу.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.