Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунан качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин алдамчылыкка шек саналып 1997-жылы туулган жигит өзүн жаман сезип жатканын айткан. Аны 26-апрелде Бишкектин ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын коштоочулары ооруканага алып кеткен. Кечки саат 8дер чамасында жигит качып кетип, издөөгө алынган.

Бир нече сааттан кийин шектүү Аламүдүн-1 кичи районунда жашынып жүргөн жеринен кармалды. Буга чейин 23-апрелде шектүүнүн үстүнөн Октябрь райондук милициясына арыз түшкөн.

Анда 1997-жылы туулган жаран 2020-жылдын 11-сентябрында шаардагы стоматологиялык борборлордун биринде иштейм деп алдап, брекет коюп берем деген убада менен 35 миңге жакын акчасын алган. Аталган факт Октябрь райондук милициясында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Алдамчылык” менен иш козголгон.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.