Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышы менен катарлаш Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Рух Ордо” маданий борборунда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун “Спорттун улуттук түрлөрү жана жаштар саясаты боюнча кызматташуу” деген негизги теманын астында алтынчы саммити болуп өттү. Назарбаевдин демилгеси менен 2009-жылы Түрк тилдүү маммлекеттердин эл аралык “уюмдашкан бирикмеси” түзүлөт. Бул долбоордун демилгечилери түрк тилдүү мамлекеттердин ичинде экономикалык жана маданий алакаларды жандандырып, өстүрүү менен Европа союзундай бирикмени түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирип чыгуу менен “түрк тилдүү элдердин бирдиктүү руханий негизин” өнүктүрүү чакырыктарын да унутта калтырышкан эмес эле… Ошентип, түзүлгөн уюмдун катчылыгы Стамбулда жайгашат. Кийин Бакуда парламенттер аралык катчылыгы, Астанада түрк тилдүү мамлекеттердин илимдер академиясы ачылган. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин жетекчилери – баштап жыйындарга активдүү катышып келишкен болсо, акыркы жылдары Кыргызстан менен Түркиянын, Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчыларынын ортосундагы саясый келишпестиктердин айынан VI саммит 3 жылга кечигип өттү. Чолпон –Атадагы VI саммитке Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган, Азербайжан президенти Ильхам Алиев – уюмдун мүчөлөрү бардыгы толук келгендиги жана саммитке ардактуу конок катары чакырылган – Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиаев менен Венгрия премьер-министри Виктор Орбандын байкоочу катары жигердүү катышкандыктары – уюмдун абройун дагы бир баскычка көтөрдү. Сөз оролу келгенде айтылса ашыкча болбос, – Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун 1 жылга жетпеген мезгилдеги мамлекет башчысы катары жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүн “оогон жүктү түзөгөн” зор ийгилик катары бааласак болот. Боордоштордун Чолпон-Атадагы саммиттин жүрүшүндө Азербайжандын президенти Илхам Алиев түрк дүйнөсүндөгү бардык маселелердин эң орчундуусу катары белгиленип келген – Тоолуу-Карабак маселесине кайрадан кайрылып, өлкө аймагынын 20%ы армиян баскынчыларынын колунда экендигин жана ушул Кара-Бак коогалаңынын кесепетинен миллионго жакын эл толук кандуу жашоо кечирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калгандыгын, бул маселесинде түрк тилдүү боордош мамлекеттердин эл аралык колдоосу керектигин көтөрүп, Тоолуу-Карабак маселесин Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун кароосуна койууну сунуштады. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Тоолуу-Карабак маселесинде анын өлкөсү Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн толук колдой тургандыгын айтып, уюмга мүчө өлкөлөрдү ФЕТО кыймылына катуу каршы турууга чакырды. Алиев менен Эрдоган уюмдун алкагында аймактык коопсуздук маселелерин, жаңы тобокелчиликтерди талкуулоону сунушташса, уюмга байкоочу катары катышып жаткан Өзбекстандын президенти Мирзаев Өзбекстандын бул уюмга толук кандуу мүчө болууга даяр экендигин, биргелешип иштешүү көптөгөн маселелерди чечүүгө өбөлгө болоорун айтып, өз өлкөсүндөгү тарыхый Хива шаарын Түрк тилдүү элдердин кызматташтык уюмунун борбору катары белгилөөнү сунуштады. Түрк тилдүү элдердин мамлекеттеринин кызматташтыгы баштап уюшулганда максатталгандай – саясатта бирдиктүү болуп, жалпы соода рыногун түзүп, орток арипке өтүп кете албасак да, бул багыттагы иштер “чайпалса да, төгүлбөгөнүнө”, ийилсе да сынбаганына” каниет кылалы… Жакынкы чыгыштан Сибирге чейинки географиялык алкактагы түрк тилдүү мамлекеттердин саясый-экономикалык багыттары ар түрдүү, мамлекеттер аралык ар башка бирикмелерде мүчө экендиктерине карабай, боордоштук маанайдагы алакаларыбыз ар тараптуу өнүгүп, бекемделип келет. Сөзүбүздүн айкын мисалы катары, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун Чолпон-Атада өткөн VI саммитин айтсак болот. PS: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун VI саммити өтө тургандыгы дайын болгондон баштап, Орус бийлиги менен “Гуленчилердин” жетегиндеги Атамбаев, антипантүркчүлөр менен антиэрдоганчылардын өзгөчө активдешүүсү тегин жерден болбосо керек?

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.