Ооганстандын Газни шаарында жарылуу болуп, 15ке жакын адам каза таап,43 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, унаа Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын имаратынын алдында жарылган.

Каза болгондордун арасында 8 коопсуздук кызматкери жана 4 жай тургун бар. Жабыркагандардын көпчүлүгү — мектеп окуучулары. Алардын абалы тууралуу толук маалымат айтыла элек.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз