Мындай пикирин Ооган өлкөсүнүн президенти Мохаммад Ашраф Гани Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитинде билдирди.

Президент Мохаммад Ашраф Гани: “Наркотика, терроризм жана согуш Ооганстан үчүн абдан чоң маселе. Бул коркунучтарга карата күрөшүүгө чакырам. Өлкөдө тынчтыкты камсыз кылуу үчүн миллиарддаган каражаттар керектелет. Ооганстанда тынчтык орной элек. Аймакта бейпилдикти азайтуу максатында дүйнөдөгү бардык өнөктөштөр менен бирге улуттук жана аймактык кызматташтыктын негизинде саясий чечим кабыл алуу зарыл. Бул үчүн Талибандар менен да бир пикирге келүү керек”,-деди.

Андан соң мындай коркунучтар үчүн күрөшүүдө бардык жардамга ачык экенин билдирди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз