Мектеп, мугалим, класс, партаны сагынган балдар. 2020-2021-окуу жылы 1-класстардан башка окуучулар үчүн онлайн башталды. Бирок убакыт аралыктан окууга окуучулар да, мугалимдер да, жада калса ата-энелер да даяр эместигин көрсөттү. Эгерде эпидемиологиялык абал жакшырса, октябрдан тартып окуучулар салттуу түрдө билим алып баштайт. Кечээ президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен болгон онлайн кеңешмесинде октябрдан тартып мектептерде салттуу негизде билим берүүнү жандандыруу пландаштырылып жатканы сүйлөшүлгөн. Бул кабар азыр көптөгөн ата-эне жана окуучуларды кубандырып жаткан чагы. Онлайн окуунун оош-кыйышы тууралуу иөмөнкү видеодон көрүңүз.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.