Кыргызстандын курама командаларынын спортчуларын Токио шаарында (Япония) өтө турган жайкы XXXII Олимпиадалык жана XVI Паралимпиадалык оюндарга катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.

Олимпиадага спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууга аракеттер көрүлөт. Бул – күрөштүн 3 түрү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, заманбап беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу, триатлон. Жогоруда көрсөтүлгөн спорт түрлөрүнүн айрымдары боюнча 2019-жылы лицензиялык турнирлер өтөт.

Андагы маалыматтарга караганда, лицензиялык турнирлерге даярдануу үчүн биздин өлкөнүн улуттук курама командаларынын мүчөлөрү спорт түрлөрү боюнча 2019-жылдын январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 21 эл аралык жана рейтингдик мелдештерге катышып, 37 медаль утуп алышкан (17 алтын, 6 күмүш жана 14 коло медаль). Ошондой эле жети Азия Чемпионатында 12 медалга ээ болушкан (2 алтын, 1 күмүш жана 9 коло медаль).

Мындан тышкары спорт түрдөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командалары 36 окуу-машыгуулардан өтүштү. Лицензиялык турнирлерге даярдануу алкагында биздин курама командалар 94 эл аралык (лицензиялык, рейтингдик) мелдештерге катышууну максат кылып жатышат. 2019-жылы Ысык-Көлдө триатлон жана волейбол боюнча эки Азия Чемпионатын өткөрүү пландаштырылууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз