Бишкекте балдар биринчи класска электрондук жазылуу аркылуу кабыл алынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын15-февралынан тарта борбор калаада “Мектепке электрондук жазылуу” долбоору ишке кирет. Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. 

Онлайн каттоо системасы ар бир ата-энеге мектеп жашындагы баласын mektep.edu.gov.kg электрондук ресстри аркылуу каттоого мүмкүнчүлүк алышат жана “0800 800 8888” номурлары аркылуу да маалымат алууга болот.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз