Башкы прокуратурага УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун  судьясы А.А. карата материалдар келип түшкөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ал материалдарда аталган судья администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 238-беренеси менен козголгон административдик иштерди кароодо мыйзамсыз аракеттерге жол берген. Жазык иш боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин уюштуруу жагы  УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.