Алмазбек Атамбаевдин максаты төңкөрүш жасоо болчу. Ал үчүн кан төгүү керек эле. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин басма сөз жыйынында билдирди.

“Атамбаев үйүнө чогулган адамдарга миң сомдон үч миң сомго чейин төлөп, аларды кармап турган. Айланасына жалаң кары-картандарды, аялдарды, балдарды жыйнаган. Милиция келгенде кагылыш кылуу үчүн атайын таштар да түшүрүлгөн. Мен расмий түрдө ачык айта аламын, Атамбаев өлкөдө төңкөрүш кылыш үчүн ага кан төгүү керек болчу. Анын негизги максаты да ушул болгон”,-деди Опумбаев.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевди кармоо мыйзамдуу болгонун кошумчалады.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз