Тилибизди сактоо үчүн алгач өзүбүз Жогорку Кеңештин трибунасында таза, бир тилде сүйлөйлү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Сайдулла Нышанов бүгүнкү жыйында айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, адабий тилдин ордун мыйзам чегинде бекитүү керек.

“Кыргыз тилин сактоо биздин эң чоң милдетибиз. Ал үчүн биринчи өзүбүз адабий тилде сүйлөйлү. Ар ким өзү каалагандай сүйлөй берсе, бул акыры келип кыргыз тилине терс таасирин тийгизет.  Азыр жада калса саламдашканыбыз да ар башка тилде болуп жатат. Радио жана ТВнын алып баруучуларынын тилинен диалект байкалат. Диалект менен үйдө сүйлөсүн. Бул маселени мыйзам чегинде чечиш керек», — деди Нышанов.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.