Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, “Ыйман Нуру” саясий партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. “Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды”, – деп айтылат маалыматта.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.