Татарстандын борбору Казань шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн I оюндарында Нурманбет Раймалы уулу бел боо күрөшү боюнча мелдеште алтын медаль тагынды. Ал 100 килограмм салмакка чейинки категорияда күрөшүп жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, Нурманбет Раймалы уулу буга чейин ушул эле оюндарда грек-рим күрөшү боюнча күрөшүп, коло медаль жеңген.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн I оюндарында медалдар боюнча Кыргызстан 5-орунда келе жатат. Учурда Кыргызстандын куржунунда 2 алтын, 9 күмүш жана 14 коло, жалпы 25 медаль бар.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.