UFCнин учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Невада штатынын Атлетикалык комиссиясынын чечими менен беттештерден тогуз айга четтетилип, 500 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Буга мушкердин былтыр октябрда ирландиялык Конор Макгрегорго каршы беттешинен кийинки аракеттери себеп болгон.

Атлетикалык комиссиянын чечими менен Конор Макгрегор дагы алты айга беттештерден четтетилип, 50 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөө жоопкерчилиги жүктөлдү.

Эске салсак , өткөн жылдын октябрь айында эки мушкердин беттеши болуп, ал Хабибдин  жеңиши менен аяктаган. Таймаштын алдында Макгрегор менен Нурмагомедовдун ортосундагы мамиле кескин курчуп,  аягында жаңжал чыгып кеткен.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз