Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери 400-500 адамды үйлөрүнө каттоого койгон. Бул канчалык деңгээлде мыйзамдуу? Мындай суроо менен бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Абдывахап Нурбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батыркановго кайрылды.

“Бир эле адам үйүнө 500 адамды катоого койсо болобу? Анын көпчүлүгү Мамкаттоонун кызматкерлери экен. Бул мыйзамдуубу? Эгер ушул чын болсо, ошол кызматкерлердин аты-жөнүн бергиле. Биз коомчулукка жарыя кылабыз”,-деди Нурбаев.

Эл өкүлүнүн бул суроосуна Тилек Батырканов жооп берип жатып, эгер үй ээси өзү макул болсо, 500 адамды каттоо мыйзамдуу экендигин айтты. Ошондой эле, Мамкаттоонун кызматкерлери боюнча маалымат такталып жаткандыгын кошумчалады.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.