Ушул жылдын ноябрь айынын соңунда жана декабрь айында Кыргызстанда таажылуу вирустун кайрадан күч алары күтүлүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, вирус мутация болуп, формасын улам өзгөртүп жаткандыктан санитардык алгоритмди сактоо керек. “Окуу процесси башталды, жакында парламенттик шайлоо өтөт. Эл массалык түрдө чогулуп жатат

. Андыктан ноябрь-декабрь айларында таажылуу вирус көбөйөт деген прогноздор бар. Аны менен катар сасык тумоо дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул учурда вирустук инфекциялардын күч алышы кадыресе көрүнүш”, – деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал элдин 70 пайызы эмдөөдөн өтүп бүтсө, вирусту ооздуктаса болорун, өкмөт менен министрлик төртүнчү толкунга даяр экенин айтты. Эске салсак, учурда таажылуу вирустун үчүнчү толкуну өтүп жатат. Акыркы күндөрү ооруну жуктургандардын саны азайып, күн сайын 100 кишиден төмөн болууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.