Ноокен районунда секундасына 20-23 метрге жеткен катуу шамал болду
Назаркул - 17:45, 30.07.2018225
2018-жылдын 29-июль күнү саат 20:30-21:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен айыл аймагынын Рахманжан айылынын Шалка тилкесинде ылдамдыгы секундасына 20-23 метрге жеткен катуу шамал катталган.
Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Шамалдын кесепетинен 5 турак үйдүн, 1 кошумча курулуштун, 3 навестин жана 2 сарайдын чатырларынын жалпы 116 даана шиферин жана 149 м2 туникесин учурган.
If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.