Өмүр бою Атамбаевдей канкорду каргап өтөмүн. Мындай сөзүн маркум Үсөн Ниязбековдун апасы коштошуу зыйнатында айтты.

Бүгүн, 9-августта УКМКнын офицери Үсөн Ниязбековдун сөөгү жерге берилди. Ал Кой-Ташта Атамбаевди кармоо атайын операциясында каза болгон.

Маркумдун энеси сөз сүйлөп, уулунун өмүрү өткөнчө мекени үчүн кызмат кылганын. Ошондой эле Африкада терористтерге каршы согушуп, бирок Атамбаевдин колунан көз жумганын айтып ыйлады.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМКнын төрагасы жана президенттик аппараттын, Өкмөттүн өкүлдөрү катышты. Ниязбеков көзү өтүп кетсе да агы полковник аскердик наамы ыйгарылды.

Эске салсак, 7-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда  УКМКнын ”Альфа” атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековго согуштук куралдан атылган ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаратынан каза болгон.

47 жашка чыккан аскер кызматкеринин артында 6 баласы калды.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз