Бүгүн, 16-майда ички иштер министри Улан Ниязбеков жайкы туристтик сезон учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана республиканын аймагында коомдук тартипти сактоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун аймагында жайкы туристтик сезон расмий түрдө ачык деп жарыялангандыгын жана ошого байланыштуу, жергиликтүү эс алуучулардын жана чет элден келген коноктордун коопсуздугун сактап, одоно тартип бузууларга бөгөт коюп, жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо – ички иштер органдарынын приоритеттүү багыты болуп саналат деп баса белгиледи.

“Элди алдап, алдамчылык жол менен жарандарды материалдык чыгымга учураткан, ошондой эле эс алууда жүргөн жарандардын жана туристтердин акча-каражаттары, буюмдары уурдалып кетүүсүнө бөгөт коюу үчүн алдын алуу ыкчам иштери күчөтүлсүн. Коомдук жайларда, көчөлөрдө, жалпы эл эс алуучу аймактарда бейбаштыктарды, баарына бирдей болгон коомдук тартипти одоно бузууларды, элге жат көрүнгөн окуяларды болтурбоо үчүн кайгуул иштери сапаттуу жүргүзүлсүн”, – деди Улан Ниязбеков.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.