– Сакы мырза айтсаңыз, New TV каналынын иштей баштаганына туура бир жыл толду. Бир жылда канал эмнелерге жетишти? 

-Биздин башкы максаттар маалыматты бир жерден экинчи жерге бурмалабай жеткирүү, ыкчамдык (оперативдүүлүк), бейтараптуулук, обьективдүүлүк. Обьективдүү маалыматтар чагылдырылганда гана ММКнын аброю көтөрүлөт.

Маалымат жашырылганда коомдо тумчугуу башталат. Анан ошол маалыматар чыга баштаганда коомдо жарылуу болот. ТЭЦ боюнча маалыматты өтө көп чагылдырдык. Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине канаттануу болбогонун айтып жаттык. Акырындап маалыматтар ачыкка чыга баштады. Башка ММКларда айтылбай калган нерселерди айтып жаттык.

Кандай маалымат каражаттары болбосун алгач бейтарап болуш үчүн жетекчи күчтүү болуш керек. Өзүнүн көз карашы болуш керек. Биздин башкы директор Нурлан Шакиев президенттин пресс катчысы, Маданият жана маалымат министри кызматтарын басып өткөн инсан. Көп жолду басты. Жетекчибиз элге туура маалымат беришибиз керек деп ар дайым айтат. Эл аралык шарттарга ылайык кайсы бир саясый күчтөрдү жактабашыбыз керек. Мен деле Маалымат бөлүмүнүн продюсери катары туура эмес маалыматтар бизге келип калса же кайсы бир жетекчилик тарабынан бергиниң десе бере бербейм. Ошентип өз саясатыбыз түзүлуп жатат.

Биздин журналисттер элдин ичине аралашып, иш алып барып жатышат. Ош базарынан акча алмаштыруунун уурулугун тартып келишти. Милицияга барышса 5000 сомду алдырып койдум деп бир аял олтуруптур. Аны көрсөттүк. Бирок, жыйынтык жок. Элдер бул жердеги милициялар уурулар менен аралашып алган дешип айтышты. Бир жумадан кийин кайра барсак баягылар кайрадан эле элди алдап жүрүшөт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз