Непал аба майданында эки учак кагышып, кырсыктан 2 адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Кайгылуу окуя Непалдын чыгыш тарабындагы Лукла шаарында болгон. Бир учак жерге конуу учурунда учуп-конуу тилкесине жакын жерде турган самолет менен кагышкан. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган.

Учурда кырсыктын себептери такталып, чыгымдары эсептелүүдө.

Аталган аймактын аэропортун тоолор курчап тургандыктан, тажрыйбалуу учкучтар дагы учуп-конуу учурунда абдан кыйналышат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз