Нарын облусунун бардык айылдарына санитардык-карантиндик посттор коюлду. Бул туурасында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди

Облуска кире бериш аймактарга: Кочкор районундагы Сары-Чат, Жумгал районундагы Арал жана Ак-Талаа районундагы Актал-Чат аймактарында 20-марттан бери санитардык-карантиндик посттор иш алып барууда. Бүгүн, көзөмөлдү күчөтүү максатында мындай посттор райондук штабдардын чечими менен ар бир райондо жана айыл өкмөттөрүндө, ошондой эле Нарын шаарында уюштурулуп, кирген чыккандарды көзөмөлгө алууда.

Санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк, дары-дармек, жазгы талаа иштерине зарыл болгон каражаттарды алып өтүүгө жана ден соолугуна байланыштуу өтө зарыл шарт менен каттаган жарандарга гана уруксат берилет.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.