Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда катталган катуу шамал турак үйлөрдүн жана чарбалык курулуштардын чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, шамалдын ылдамдыгы секундасына 13-15 метрге жеткен. Катуу шамал Ак-Муз жана Талды-Суу айылдарында жайгашкан 6 турак үйдүн жана 2 чарбалык курулуштун 26 даана шиферин, 85 чарчы метр туникесин учурган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.